Муфтият: Жамаат намаздары ачык абада окулат
Мечит жана намазканаларга барган жарандарга бир катар эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Пандемия учурунда санитардык гигиенаны туура сактап, аталган жайларга бир канча эрежелер киргизилгенин маалымдады. Алар:
Бет кап тагынып, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек;
Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сакталышы шарт.
Кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат, даарат алуучу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо абзел;
Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу абзел.
Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн сунуштарда дааратты үйдөн алуу менен сүннөт намаздарды үйдөн окуп, мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керектиги айтылат.
Муну менен катар жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүлүп, ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүүсү сунушталат.
8-июндан баштап мечиттер, намазканалар, чиркөөлөр иштей баштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-zhamaat-namazdary-achyk-abada-okulat
Добавить комментарий ×