Муфтият: "Мечиттер иштей берет, жума намаз гана үйдөн окулат"
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазы өз алдынча окулат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алып, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу коопту болгонуна байланыштуу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
«Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окулсун. Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин да коронавирус күч алганда, өлкөнүн мечиттери убактылуу жабылган.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-mechitter-ishtej-beret-zhuma-namaz-gana-jdn-okulat
Добавить комментарий ×