Курман айттын болжолдуу датасы айтылды
Поделиться в:
Быйыл Курман айт болжол менен 20 же 21-июлга туш келет. Бул тууралуу "Барометрге" муфтияттан билдирдиришти.
"Бул болжолдуу күн. Так датасын бир жума калганда айтабыз. Айт намазын аянттарда окууга чектөө коюлабы жокпу, ал дагы ошондо чечилет. Азыр так маалымат бере албайбыз", - деп айтышты.
Курман айт орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет.
Эскерте кетсек, Орозо айт быйыл 13-майда болгон. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-kurman-ajttyn-bolzholduu-datasyn-ajtty
Добавить комментарий ×