Муфтият: Чүйдө өрт чыккан медресе каттоодо жок
Чүй облусундагы Панфилов районунун Тельман айылында жайгашкан “Ак-Тилек” медресеси муфтияттын каттоосунда жок. Бул тууралуу маалыматты муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев “barometr.kg” сайтына билдирди.
"Жатаканасынан өрт чыккан медресе мындан 5 жыл мурда муфтияттан каттоодон өтүп, бирок иштеген эмес. Ошол бойдон ишин токтотуп, кайра жабылып калган. Муфтият аны медресе катары эсептебейт”, - деди Максат Атабаев.
Эске сала кетсек, 8-сентябрдын кечинде Чүйдүн Тельман айылынын Гүлсара-24 дарегиндеги медреседе өрт катталган. Тилсиз жоо ошол эле күнү саат 21:43тө чектөөгө алынып, түнкү 02:17де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт эки миң чарчы метр жерди жалмаган. Медресенин устаттары 200 шакиртти жатаканадан чыгарып кетишкен. Кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.
Учурда өрттүн чыгышы боюнча милиция иликтөө ишин баштаганы айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-chjd-rt-chykkan-medrese-kattoodo-zhok
Добавить комментарий ×