Муфтийдин милдетин Жоробай Шергазыев аткарат

12 февраля 2021 10:16 4622 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына ылайык, шайлоого чейин муфтийдин милдетин Максатбек ажы Токтомушевдин  орун басары Жоробай ажы Шергазыев аткарат. Бул туууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, муфтийдин дагы бир орун басары Кадыр Маликов үй-бүлөлүк себептер менен убактылуу кызматтан кетти.

Ал эми, 11-февралда  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинде кезектеги протоколдук жыйын өткөрүлгөн. Жыйында мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча жазган арызы каралып, бир добуштан канааттандырылды.

Эске сала кетсек, экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга баргандыгы жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар деп УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, кече, 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошотуу чечимин кабыл алган. 

Ссылка: https://barometr.kg/muftijdin-mildetin-zhorobaj-shargazyev-atkarat



Добавить комментарий