Муфтий элди тирешпей кечиримдүү болууга чакырды

5 мая 2020 17:15 2299 Barometr
Поделиться в:
ok

Муфтий Максат ажы Токтомушев элди анча-мынча сөзгө, кишилерге окуяларга маани бербөө менен адам баласы бактылуу жашай аларын айтты. Анын элге кайрылган видеосу социалдык тармакта тарады.

"Агайын мусулман бир туугандар! Жашоону чырайлуу кылыш үчүн бир канча нерселерге кээде көз жумуп койгонго туура келет. Анча-мынча сөздөргө, анча-мынча кишилерге, анча-мынча иштерге, анча-мынча окуяларга кээде көз жумуп коюп эле унутуп койсок Кудай кааласа жашообуз кооз болуп, чырайлуу боло берет. Ар бир сөзгө, ар бир ишке жооп берип, тирешип, эсептешип, сөзүңө жооп бер дегенден пайда жок. Ал менен жашоо жакшы болбойт. Инсандан ката кете берет. Инсан деген кемчилдик, ката, күнөөнүн жыйнагы. Ошондуктан биз өзүбүз кечиргенди дагы билели, кечирим сураганды да билели. Ким өзүн төмөн алганды Алла Таала дайыма өйдө көтөрөт!" - деди Токтомушев.


Ссылка: https://barometr.kg/muftij-eldi-tireshpej-kechirimd-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий