МСКнын башчысы жергиликтүү салыкчыларды камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруудагы демилгесиз иштери үчүн сынга алды

11 декабря 2019 11:07 928 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды көрбөгөн бир катар аймактык салык органдарынын ишин сынга алды. Бул туурасында ведомство башчысы борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык салык органдарынын начальниктеринин катышуусундагы жумушчу кеңешмеде билдирди. Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ведомствонун иши тууралуу маселени талкуулоо учурунда Салык кызматынын жетекчиси камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жаатында таасирдүү натыйжалардын жоктугун белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын 15-январында Салык кызматына Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функциялары өткөн, бул системалуу ишти уюштуруу үчүн жетиштүү мөөнөт болуп саналаарын К.Абдалиев белгиледи. Бардык аймактык салык органдарында жана МСКнын борбордук аппаратында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин штаты толугу менен камсыздалган. Бирок, алардын ишинин жыйынтыктары коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу боюнча күч-аракеттердин жетишсиздигин күбөлөндүрөт. Мамлекеттик салык кызматынын көптөгөн башкармалыктарынын начальниктери карызы бар субъектилер менен иштешүүдө демилгесиздикти жана шалаакылыкты көрсөтүшүүдө. Атап айтканда, карызы барларды издөө, карыздарды мажбурлап өндүрүү үчүн материалдарды сотко өткөрүп берүү сыяктуу иш-чаралар толугу менен жүргүзүлгөн эмес. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдөн карыздарды өндүрүү үчүн сотко 60 аймактык салык органдарынын ичинен 12си гана материал берген. Ведомство башчысы белгилегендей, салык органдарында буга чейин 2019-жылдын 1-январына карата төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын калдыктары боюнча толук жана анык маалыматтар, анын ичинде өткөн мезгил үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн өндүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр жок болгон. Бирок, жыл башынан бери жер-жерлерде карызы барлардын тизмесин түзүү үчүн жетишээрлик убакыт өттү. “Мындай тизмелерди түзүү боюнча иштин жоктугун сотко карыз боюнча бир да материалды жөнөтпөгөн салык органдарынын жетекчилеринин аракетсиздиги катары баалоого болот”, - деп белгиледи МСКнын төрагасы К.Абдалиев. Жыйынтыгында ал ишинде оң натыйжаларды бербеген, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча шалаакылык мамиле кылган салык органдарынын жетекчилерине карата тийиштүү чечимдер кабыл алынып, чаралар көрүлөөрү тууралуу эскертти. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/msknyn-bashchysy-zhergilikt-salykchylardy-kamsyzdandyruu-tgmdrn-bashkaruudagy-demilgesiz-ishteri-chn-synga-aldy



Добавить комментарий