Туура тамактануу эрежелери жөнүндө билчү белеңиз? Анда адистин кеңеши

8 февраля 2022 15:34 4804 Barometr
Поделиться в:
ok

Британиялык врач, регенеративдик медицина боюнча адис Амир Кхан узак жашоо үчүн туура азыктануу көрсөтмөсүн айтып берди. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып  “Барометр” билдирет.

Адистердин айтымында, биринчи кезекте керектелген эт менен балыктын сапатына көңүл буруу керек. Консерванттар жана ден-соолукка зыяндуу башка элементтер кошулбаган азыктарга артыкчылык берүүнү сунуштады.

Экинчиден, жогорку гликемиялык индекси бар тамак-аш азыктарын керектөөнү минималдаштырып, аларды дан, мөмө-жемиштер менен алмаштыруу керек. Жалпы керектелген калориялардын санын кыскартуу өмүрдүн узактыгын шартташы мүмкүн экенин айтты дарыгер.

Мындан тышкары, ал күнүмдүк тамак-ашка кальций жана магний кошууну сунуштады.

"Кальций рак, кант диабети жана жүрөк ооруларынан коргойт, ошондой эле кан басымын төмөндөтөт. Магний кальцийдин сиңиши үчүн абдан маанилүү, андыктан экөөнө тең бай азыктар керек", - деп түшүндүрдү адистер.

Тамак даярдап жатканда, татымалдарды тандоодо этият болуңуз, деп эскертти адис. Жалпысынан, кошумчалар ден-соолукка жакшы таасир этет, бирок адис тузду ашыкча колдонбоого үндөдү.

Ссылка: https://barometr.kg/mrd-uzartuuchu-tamaktanuu-erezheleri-zhnnd-bilch-beleiz-anda-adisti-keeshi



Добавить комментарий