Өмүрбек Текебаев менен Дүйшѳнкул Чотоновдун иши боюнча сот отурумга 18 күбѳ кѳрсѳтмѳ берип жатат
Бүгүн 17-октябрда Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшѳнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму болуп жатат. Анда 18 адам күбѳ катары катышууда. Сот башталганда бир нече убакыттан кийин судья тыныгууга кеткен. Ал бул тыныгуунун себебин мындай түшүндүрдү.
Судья: «Тартипти бузгандык үчүн тыныгууну жарыялагам» ,-деди.
Ал эми мындай тыныгууну Өмүрбек Текебаев социалдык тармак аркылуу түз эфирде: «Бул кадам караниеттүүлүк деп баалайм. Күбѳлѳрдүн кѳбү жумуштан суранып, келген кээ бири эрте кеттиш керек. Биз сотко Ош шаарынан келген күбѳнү суроону суранганыбызда судья каршы болуп, ѳзү каалаган күбѳнү сурарын талап кылып, нааразы болуп чыгып кетти. Ош шаарынан келген күбѳ бүгүн кечинде кайра учуп кетиши керек. Ошондуктан бул күбѳнү биринчи суроону сурандык»,-деди.
Бир канча убакыттан кийин сот отуруму кайра улады. Өмүрбек Текебаевдин ѳтүнүчү менен Азат Бектемиров биринчи кѳрсѳтмѳ берди.
Азат Бектемиров:
«Өзүмдүн демигем Оштон сотко кѳрсѳтмѳ берүү үчүн келдим. 2007 -жылы арадактуу эс алууда болчумун. 2010 -жылы 8-майда Бишкекке келгем. 13-майда Бишкектен-Ошко учуп кетүү үчүн аэропортко келгем, билет жок болгондуктан.Мурдагы ИИМдин орун басары Алымбеков Бакытка чалып, маселемди кароону сурандым. Ал ошол күнү Бишкектен 17:00 Ошко вертолет менен учабыз деди. Таксименен Вертолет учкан жерге келдик. Солдаттар биринчи киргизген жок. Өмүрүмдѳ биринчи жолу вертолет менен учтук. Ошол жерден телефон номерим менен балама чалгам. Болжол менен 1,5-2 саат аралыгына Ошко келдик. Курсан Асанов сол жактан чоңдор чыгышты аларды тозуп алып кетишти. Ошол учурда Ош облустук админстрациясын козголоңчулар басып алган. Өмүрбек Текебаев менен ушурашкан эмесмин. Чондор Исмаил Исаков, Дүйшѳнкул Чотонов, Бакыт Алымбеков, менен биринчи жолу учканмын. Ошондуктан чындыкты айтпасам абийирим соттоп Кудай алдында адамдык парзымды аткардым. Эч кандай кызыкчылыгым жок. Инсандык милдетимди аткардым. Буга чейин сот отурумуна келбегенимдин себеби даталарды так эстей албай жаттым».
Сот отурумунда башка күбѳлѳр дагы кѳрсѳтмѳ берип жатат.
Добавить комментарий ×