Өмүрбек Текебаев абакта отурганда телефонду кайсы жерине катып жүргөнүн айтып берди – видео

24 апреля 2020 15:20 4559 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагында отурганда телефонду кайсы жерине катып, кызматкерлерге таптырбай жүргөнүн айтып, көрсөтүп да берди.

Ал өз сөзүндө кризис учурунда ар бир адам стандарттуу эмес ой жүгүртүүсү керекигин айтат. Текебаев азыр өлкөнү каптап жаткан кризис маалында өкмөт, бизнес структураларынын жетекчилери креативдүү ой жүгүртүшү керектигине токтолду.

“Стандарттуу эмес чечимдерди кабыл ала билиш керек. Стандарт жана адат деген абдан чатак иш. Бул тоодой эле нерсе, ордунан жылдыра албайсың. Кашайып атадан балага калган көз карашты айтып, ушундай болуш керек деп тура бересиң. Жаныңда башка чечим турса аны таптакыр көрбөйсүң.

Мен мисал катары түрмөдө болгон окуяны айтып бергим келет. УКМК башчысы Абдиль Сегизбаев менин үстүмдөн катуу көзөмөл кылып, телефон менен да сүйлөшпөсүн деп, жалгыз отурган бөлмөнүн потологуна видеокамера коюп, ар бир квадрат метрди көзөмөлгө алып турду. Жумасына үч төрт жолу 7-8 кызматкер келип, ар бир квадрат сантиметрден телефон издешчү. Анан айласы кеткенде начальник Айбек, алдыма отуруп алып “байке, бизди кыйнабаңыз, балдарымдын убалына калбаңыз, Сегизбаев күнүгө сиздин сүйлөшкөнүңүз боюнча распечткаларды жөнөтүп жатат. Кечээ эле 12 жолу телефон чалып сүйлөшүптүрсүз. Биз жумуштан кетип калышыбыз мүмкүн” деп суранат эле. Аларды угуп секретимди ачып жибергим келет эле, бирок өзүмдү өзүм карманат элем. Мен кайсыл жакка каттым, эмне үчүн алар таба албады? Жүрөгүм ооруганда корвалол иччүмүн. Алар көпкө издегенде жүрөгүм ооруп кетти деп дарыны тамчылатып ичип отура берчүмүн. Издешет таппайт, корвалолдун дарысынын инструкциясынын ичинде телефон катылган. Дары начальниктин алдында турат, мен улам корвалол ичип коём. Алар муну табышбайт. Башка дагы дары-дармектер бар. Солдат келип карайт, тюбикти карап дарыны көрүп кетип калат. Дарынын инструкциясынын ичинде дагы кичинекей телефон бар. Мунун дүйнөлүк кризиске кандай тиешеси бар. Түрмөдө адамдар 500 сомдук чоң телефондор менен сүйлөшөт. Алар чоң телефон, же смартфон издешти. Мындай кичинекей телефон болот, ошону издеглие деп аларга эч ким көрсөтмө берген эмес. Стандарт деген ушул, алдыңда турса дагы көрбөйт. Жети окуса дагы түшүнө кирбейт. Стандарттуу ой жүгүртүү деген ушундай. Ал өзгөрбөйт. Маңдайында турган нерсени көрүшкөн жок. Мен эмне үчүн дары-дармектин ичине салдым. Анткени ар кандай шылтоо менен каалаган учурда башка жакка кеттик деп алып кетиши мүмкүн. Бирок сен керектүү дарыларды дайыма жаныңа алып жүрөсүң, укугуң бар. Андыктан дарылардын ичине каткам”, — деди Текебаев.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaev-abakta-oturganda-telefondu-kajsy-zherine-katyp-zhrgnn-ajtyp-berdi-video



Добавить комментарий