Өмүрбек Бабанов Жапаров менен жолугушкандан кийин оюн өзгөртүп, шайлоого барбай турганан билдирди

6 ноября 2020 12:40 743 Barometr
Поделиться в:
ok

Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Ал бул шайлоодо Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу Бабанов өзүнүн фейсбук баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Улуу урматтуу Кыргызстандыктарым!

Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз.

5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар!

Кечээ, 6-ноябрда Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.

Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар.

Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем. Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын президентинин кызматына өз талапкерлигимди көрсөтпөөнү чечтим.

Садыр Нуркожоевичтин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдым”, - деп жазган Бабанов.


Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-oyun-zgrtt-zhaparov-menen-zholugushkandan-kijin-prezidenttik-shajloogo-barbaj-turgandygyn-ajtty



Добавить комментарий