Өмүрбек Бабанов Нарындагы Борбор Азия университетине экскурсия жасады

12 ноября 2019 15:07 3023 Barometr
Поделиться в:
ok

“Республика” париясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов Борбор Азия Университетинин Нарындагы кампусуна экскурсия жасады. Президенттикке талапкердин жогорку окуу жайына сапарына Мирсулжан Намазаалы да катышты.

Сапар тууралуу “Barometr.kg” сайтына Мирсулжан Намазаалы билдирди.

Анын айтымында, университеттин жетекчилиги ар кыл ийгиликтерди жараткан лидерлерди чакырып, аларга экскурсия жасап турат экен. Бул сапар Өмүрбек Бабановду да чакырышкан.

Өмүрбек мырза барып келели деп мага да сунуштап, барып, университеттин аткарган иштери, алдыдагы пландары тууралуу жакындан таанышып, студенттери менен сүйлөшүп келдик. Бул университетте кандай сапатта окутуу болоору, студенттерге ачылган мүмкүнчүлүктөр, университеттин кампусун толук куруп бүтүрүү боюнча мындан кийинки пландары тууралуу гана сөздөр болуп, абдан кызыктуу жана пайдалуу жолугушуу болду”, - деди Мирсулжан Намазаалы.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттикке талапкер болуп ат салышкан. Улуттук коопсуздук комитети анын үстүнөн "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Кийин ал чет өлкөгө чыгып кетип, дээрлик эки жылдан соң кайра келген.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-naryndagy-borbor-aziya-universitetine-ekskursiya-zhasady



Добавить комментарий