Өмүрбек Бабанов: "Эгемендик бул күн сайын азаттык…"

31 август 2019 12:06 2776 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов фейсбук баракчасында кыргыз элине куттуктоосун жарыялады.

«Эки жүзгө жетпеген көз карандысыз өлкөлөрдүн арасында Кыргыз Республикабыз бар болгону сөз жеткис сыймык! Бүгүн биз 28 жашка толдук! Эгемендик – бул күн сайын азаттык, өнүгүү жана ааламдагы татыктуу ордубузду табуу үчүн болгон чоң күрөш! Эгемендик – бул чоң символ жана эбегейсиз жоопкерчилик. Артка чегинбей, алдыга өсүп-өнүгүп, миңдеген жылдарга жалгыз мекенибиздин эгемендигин сактап калуу – ар бирибиздин чоң миссиябыз жана милдетибиз! Эгемендик Күнүбүз кут болсун, кымбаттуу Кыргызстандыктарым! Азаттык күнүбүз кут болсун!», - деп жазылган.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-egemendik-bul-kn-sajyn-azattyk



Добавить комментарий