Ѳмүрбек Бабанов бүгүн да суракка барат
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 20 августта саат 15:00гө УКМКга сурак берүү үчүн чакырылганды. Бул тууралуу Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
19-августта саат 15:00 - 16:00 чамасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка кирген. Ал суракта "Кыргызстан коммерциялык банкына" байланыштуу суроолорго жооп берген.
Үстүбүздѳгү жылдын апрель айында «Кыргызстан коммерциялык банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Жаныбек Мырзабаев өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка чакырылган. Ал күбө катары суралган 2 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген болчу.
Бабанов Россиядан Бишкек шаарына 9-августта учуп келген. Андан кийин кичи мекени Талас облусуна барып, Кара-Буура районунда түлөө өткөрдү. УКМК ага карата 2 кылмыш иш козголгонун эске салган. Биринчи кылмыш иш Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн сөзү боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча козголгон. Кийин экинчи кылмыш иш токтотулган.
«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жооп берет», - деп айтылган маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-bgn-da-surakka-barat
Добавить комментарий ×