Өмүр бою эркинен ажыратылгандарды коопсуз кармоо үчүн заманбап имарат курулду
Бишкектеги №19 колонияда өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармай турган заманбап, жогорку талаптарга жооп берген имарат курулду. Бул тууралуу жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ошону менен катары эле, №31 атайын мекемеде эл аралык деңгээлдеги көп тармактуу оорукана да ачылды.
Жаза аткаруу кызматы тарабынан бир эле учурда эки чоң долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган.
“Алгач №19 түзөтүү колониясында өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармала турган атайын комплекстин заманбап режимдеги имараты пайдаланууга берилди. Бул Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык аталган категориядагы адамдарды кармоону, ошондой эле аларды талаптагыдай коргоону жана изоляциялоону, аларга дайыма көзөмөл жүргүзүүнү, соттолгондордун жана мекеменин кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылат. Мекеме заманбап курулуш нормаларына жана талаптарына ылайык, ошондой эле соттолгондорду түзөтүү жана аларды социалдаштыруу, ошондой эле рецидивдин алдын алуу үчүн зарыл болгон шарттарды эске алуу менен курулган.
Ошондой эле, Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин социалдык жактан коргоо боюнча иштерди улантуунун алкагында аталган атайын мекеменин кызматкерлери үчүн 12 үй-бүлөгө эсептелген 6 кызматтык үй курулган. Долбоордун жалпы баасы 373 миллион сомду түздү.
ИИМдин коопсуздук жана конвой департаментине тапшырылган эки атайын унаанын ачкычын тапшыруу да болду.
Андан соң Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №31 медициналык түзөтүү мекемесинде 265 орундуу көп тармактуу оорукананын ачылыш аземи болуп өттү.
Бул жерде соттолгондор оорунун бардык түрлөрүнөн дарылана алышат. Бул оорукана Евразиянын эң элиталык клиникаларына тең келип, заманбап жабдуулар жана инвентарлар менен жабдылган, ошондой эле квалификациялуу медициналык кызматкерлер да бар”, -деп айтылат маалыматта.
Бул объектке республикалык бюджеттен 340 миллион сом бөлүнгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/mr-boyu-erkinen-azhyratylgandady-koopsuz-karmoo-chn-zamanbap-imarat-kuruldu
Добавить комментарий ×