Моюнга жасалган маска

14 февраля 2019 12:53 1490 Barometr
Поделиться в:
ok

 Эгерде сиз териңизди ар дайым жылмакай алып жүрүүнү кааласаңыз, нымдуулукту сактап жүрүү керектиги боюнча косметологдор кеңеш берет. Анткени, нымдуулук моюндун терисине өтө жагымдуу келет. Белгилүү болгондой моюнга бырыш түшүү 27-30 жаш аралыгында байкалат. Бырыштын алдын алуу үчүн, төмөнкү маска сизге жардамга келет.

Ал үчүн кадимки банандын эзмесине, бир нече тамчы бадамдын майын тамчылатып даярдап алыңыз. Даяр болгон аралашманы моюнга коёрдон мурун, мойнуңузду сүлгү менен нымдап суулап алыңыз. Нымдап алган соң, даяр болгон каражатты бир калыпта моюнга коюп сүртүңүз. Аралашма моюндан түшүп калбоо үчүн, масканы коюп жатканда мойнуңузду марли менен ороп койсоңуз болот. Андан кийин 30 мүнөт өткөн соң, жылуу суу менен жууп коёсуз.

Ссылка: https://barometr.kg/moyunga-zhasalgan-maska



Добавить комментарий