Моюн орогучуна муунуп каза тапкан аялдын өлүмүнүн себептери такталууда

20 октября 2021 15:37 804 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарындагы Туран кичи районунда 30 жаштагы аял муунган абалда табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, аялдын сөөгү 19-октябрда табылган. Аял шарфына муунуп каза тапкан.

Саат 15:30дар чамасында Ош шаарынын тургуну Туран кичи районундагы үйлөрдүн биринде 30 жаштагы А. Н.ны аттуу аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымдаган.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 1991-жылы туулган А. Н. өзүнүн апасынын үйүнүн кире беришине муунуп калганын такташкан.   

Соттук медициналдык экспертиза дайындалды.Аялды суидцидге алып барган себептер такталууда.

Каза тапкан аялдын үч баласы болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя болгонго чейин 2-3 күн мурда аял жолдошу менен чатакташа кетип ата-энесиникине келген.

Ссылка: https://barometr.kg/moyun-oroguchuna-muunup-kaza-tapkan-ayaldyn-lmnn-sebepteri-taktaluuda



Добавить комментарий