Мотор майын сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлө элек

13 февраля 2020 09:16 632 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мотор майын сактоочу кампадан жана ага жанаша жайгашкан турак үйлөрдөн чыккан өрт 23:28де чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жеринде өрттү толук өчүрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттүн келип чыгуу себеби жана аянты такталууда.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттү өчүрүү учурунда жарылуу сыяктуу катуу үндөр чыккан. Тилсиз жоонун алдын жана элге жардам берүү өрт өчүрүүчүлөрдөн тышкары тез жардам кызматы менен милиция дагы артылган.

Ссылка: https://barometr.kg/motor-majyn-saktagan-kampadan-chykkanrt-toluk-chrl-elek



Добавить комментарий