Москванын Кызыл аянтынан 20дай кыргызстандык мигрант кармалды
Москвадагы Кызыл аянттан Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген 30дай мигрант кармалды. Бул тууралуу "Утро мира" укук коргоо уюмунун башчысы Валентина Чупик билдирди.
Ага ылайык, 5-январда Кызыл аянттан 30дай мигрант кармалса, алардын 20сы Кыргызстандын жарандары.
"Аларды Можайс милиция бөлүмүнө алып келип, суукка карабай короодо бир жарым саат кармашкан. Нөөмөттө турган Говорова мигранттарды ал кармап келбегенин, андан башка иши көп экенин айтууда. Ал кармалгандар аймактык милиция келгенге чейин күтүп турарын билдирди", — деп жазды ал.
Укук коргоочунун айтымында, эмгек мигранттары бир жарым саат суукта турганы аз келгенсип аларга эч ким тамак да берген эмес. Андан сырткары юридикалык жардам дагы көрсөтүлгөн эмес.
Андыктан укук коргоочу Валентина Чупик кайдыгер эмес жарандарды тийиштүү жактарга кайрылып, эмгек мигранттарынын мыйзамсыз кармалышы жана катаал шартта кармалганын айтуусун суранууда.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvanyn-kyzyl-ayantynan-20daj-kyrgyzstandyk-migrant-karmaldy
Добавить комментарий ×