Москвадагы кыргызстандыктар Баткенге акчалай жардам чогултуп жатышат

5 мая 2021 17:14 2131 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва шаарында эмгектенип жаткан кыргызстандыктар Баткен облусундагы чек арадан жабыркаган элге акчалай жардам чогултууда. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

КМДБнын Орусиядагы өкүлүнүн айтымында каргашалуу окуядан кабыргасы кайышып турганн мекендештерге жардам чогултуп, даректүү жеткирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

«КМДБнын өкүлчүлүгү четте карап тура алган жокпуз. Өзүбүз алыста болсок жагы, жүрөгүбүз Баткен деп согуп, дайыма дуба кылып турдук. Себеби, мусулмандын куралы дуба. Эми аз дагы болсо акчалай жардам көрсөтөлү деп турабыз», - деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvadagy-mekendeshter-batkendin-eline-akchalaj-zhardam-chogultup-zhatyshat



Добавить комментарий