Москвадагы лифт иштен чыгып, адамдар менен кошо бир нече кабат ылдый кулап кетти

18 сентября 2020 17:38 4409 Barometr
Поделиться в:
ok

Москванын чыгыш тарабындагы турак үйдүн биринде лифт иштен чыгып бир нече кабат ылдый учуп кетти. Бул тууралуу 18-сентябрда Россиянын Тергөө комитетинин (РФ ИК) борбордук башкы кеңсесинин өкүлү Юлия Иванованын Известия iz басылмасына берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” которду.

Окуя, 18-сентябрь күнү эртең менен Краснобогатырская көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө болгон. Иштебей калгандыктан, лифт катуу ылдамдыкта бир нече кабат ылдый учуп кетип, андан кийин коопсуздук тормозу иштетилди. Ошол учурда лифтте эки аял болгону маалым болду.

“Лифтин ичинде жайгашкан аялдарга медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда өздөрүн жакшы сезишүүдө”, - деди Юлия Иванова

«Текшерүүнүн алкагында тергөөчүлөр окуяга укук бузуу белгилери боюнча укуктук баасын берет. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 238 ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү") беренси менен күнөөлүүлөр жоопко тартылат”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, 2-июнда Благовещенск шаарында да лифт иштен чыгып адамдар менен кошо кулап кеткенден кийин кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvadagy-lift-ishten-chygyp-adamdar-menen-kosho-bir-neche-kabart-yldyj-kulap-ketti



Добавить комментарий