Москвадагы батирлердин биринен кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды
Москванын Балашиха шаарында Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Shot Telegram каналы өз булактарына таянуу менен билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, окуя 18-апрелде болгон.
“Батирди каза болгон жаран эки күнгө ижара алган. Үй ээси менен алар интернет аркылуу эле сүйлөшүп, ижарага берген. Ошондой эле ал жубайы экөө жашай турганын айткан.
Эки күндөн кийин үй ээси жубайлар ижара келишимин узартабы же жокпу тактоо үчүн үйгө барып такылдатса ачпай коюушкан. Андан кийин кошуналардын жардамы менен эшикти ачтырып кирген. Үйдү ачтырып, уктоочу бөлмөдөн эки кишинин сөөгүн табышкан: бири ак байпакчан, көк юбка жана боз түстөгү футболка кийген, ал мурда эле өлүп калган экен. Ал эми экинчиси тез жардам унаасында каза болгон”, -деп билдирген үй ээси.
Келген милиция кызматкерлери бөлмөдөн ак порошок таап, экспертизага жөнөтүшкөн.
Маалыматта, каза болгондордун бири Кыргызстандын, экинчиси Өзбекстандын жараны болгону айтылат.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvadagy-batirlerdin-birinen-kyrgyzstandyk-zharandyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×