Москвада тапанча менен банкты тоноого аракет кылган 29 жаштагы кыргызстандык кармалды

28 декабря 2020 10:56 1716 Barometr
Поделиться в:
ok

Полиция 22-декабрда Москванын борбордук көчөлөрүндөгү "Заубер” банкына тапанча менен кирип келип, акча талап кыла баштаган, бирок, эч нерсе албастан кайра изин жашырып кеткен кыргызстандык 29 жаштагы адамды кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Бул кылмышка шектүү адам кармалды. Ал Кыргызстандын 29 жаштагы жараны", - деп айтылат маалыматта.

Полиция кызматкерлери шектүү жаранды кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөнүн кабарлашты.

Ички иштер министрлигинин борбордук штабынын басма сөз кызматы камакка алуу атайын кызматтын колдоосу менен 25-декабрда болгонун кошумчалады. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-tapancha-menen-bankty-tonoogo-araket-kylgan-29-zhashtagy-kyrgyzstandyk-karmaldy



Добавить комментарий