Москвада миллиардердин уулу каза болгон жол кырсыгы боюнча кыргызстандык таксист акталып чыкты

5 июня 2020 10:51 8063 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва шаардык соту россиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр Маруговду өлүмгө алып келген жол кырсыгы боюнча айыпталып жаткан кыргызстандык таксист Исламбек Акбаровго карата биринчи инстанциядагы өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу kginfo.ru маалымдайт.

Айыпталуучунун жактоочусу Алексей Косаковтун айтымында Хамовническ райондук соту 2020-жылдын 31-январынан тарта Исламбек Акбаровду 2 жылга эркинен ажыраткан.

3-июнда апелляциялык сотко арыз берилгенден кийин, Москва шаардык соту, айыпталуучунун өкүмүн өзгөртүп, бошоткон.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 8-июль күнү Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде мотоцикл жана такси унаасы кагышып, жыйынтыгында 25 жаштагы А. Маругов каза болгон.

Россиянын ток-шоуларынын биринде окуя тууралуу талкуу учурунда маркумдун апасы И. Акбаровду кечиргенин, уулу каттуу ылдамдыкта баратып, таксини ал сүзгөнүн айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-milliarderdin-uulu-kaza-bolgon-zhol-kyrsygy-boyuncha-kyrgyzstandyk-taksist-aktalyp-chykty



Добавить комментарий