Москвада көчө шыпырып иштеген кыргыздар Моргенштерндын ырына клип тартып интернет жылдызына айланды
Москвада тазалык кызматында эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар рэперлер Моргенштерн менен Элджейдин «Кадиллак» чыгармасын ырдап, пародиялуу клип тартышты. Бул тууралуу орусиянын Lenta.ru сайтына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Тазалык кызматында иштеген эки бала өздүрү иштеген райондун герби түшүрүлгөн алтын чынжырчаны тагынып алып, белгилүү рэперлердин ырына пародия тартышкан.
Клиптен мигранттар кандайча иштеп, кантип акча табышарын көрсөтүп беришкен.
Видеодо ошондой эле, мигранттардын жашоосунан алынган маалыматтар бар. Мисалы курьер болуп иштөө, кыргыз ашканасынын тамактары жана мусулмандардын саламдашуусу көрсөтүлөт.
Интернет колдонуучулары видеого оң баа беришип, бир катар комментарийлерди калтырып жатышат. "Шедевр!", "Моргенштерн!", “Огонь", "Оргиналдан да жакшы болуптур", - деп жазган билдирүүлөр бар.
Пародиялык видео тууралуу бир катар орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Белгилүү рэпер Моргенштерн өзү Instagram баракчасы аркылуу жигиттердин ишине жогорку баасын берди.
Добавить комментарий ×