Москвада мекендештерин карактап жүргөн кылмыштуу топтун лидери кармалды

15 января 2019 11:56 1750 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Москвада мекендештеринен акча талап кылып, ар кандай кылмыштарды жасап келген кыргыздардан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.  Алардын бирөөсү карактоо боюнча издөөдө жүргөн жаран болгон.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматта жазылгандай, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштуу топ өздөрүнүн мекендештеринен акча талап кылышып,  Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ар кандай оор 

кылмыштарды жасап жүрүшкөн. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан 2018-жылдын июль айында жогорудагы кылмыштуу топко тиешеси барлардын өздүгү такталган. Алынган маалымат боюнча кылмыштуу топту Москва шаары жана Москва облусу боюнча криминалдык дүйнөдө “Кароочу” деген макамы  бар Ош облусунун 1986-жылы туулган Р.М. аттуу жашоочусу башкарып келген. Р.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Жасаган оор кылмыш иши үчүн издөөгө алынган. 2013-жылы топ адамдардын курамында Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында каракчылык менен кол салышкан жана тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. 

Кийинки ыкчам-тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын бир катар кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталып,  алардын ичинен Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүмүндө (уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандары боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандардын жогоруда жасаган кылмыш иштери боюнча күнөө тагылып, Москва ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган кылмышту топтун катышуучуларынын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталууда жана аталган топтун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Издөө салган тарап маалымдалды. Учурда Минск конвенциясына ылайык өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер  чечилип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-mekendeshterin-karaktap-zhrgn-kylmyshtuu-toptun-lideri-karmaldy



Добавить комментарий