Москвада машыктыруучу тамашалап кыздын чекесине пистолет такап, атып салды

24 мая 2021 15:21 3099 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Москвада муз тебүү боюнча машыктыруучу тамашалап кыздын чексине пистолет менен атып салды. Окуя видеокамерага түшүп калган. Бул тууралуу Samaraonline24 басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кыз курбусу менен муз тебүү боюнча машыктыруучуга алдыдагы машыгууну макулдашуу үчүн келген. Кадрда көрсөтүлгөндөй, алар сүйлөшүп жатышкан. Бир маалда эркек киши тапанчасын сууруп чыгып, кыздарды көздөй такаган. Кыздар корккон эмес, тескерисинче эмне болуп жатканына күлүшкөн. Күтүлбөгөн жерден машыктыруучу кыздын чекесине тапанча такап. Ок чыгарган.

Видеодо кыздын эсин жоготпогону көрүнүп турат. Бактыга жараша, тапанча сигналдык тапанча болгон. Ошондуктан, оор жаракат алган эмес, бирок, кыздын бетинде жаралар калып, ал ооруканага жаткырылган. Машыктыруучунун жүйөөлөрү кандай болгон белгисиз. Ишти Москва полициясы тергеп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-mashyktyruuchu-tamashalap-kyzdyn-chekesine-pistolet-takap-atyp-saldy



Добавить комментарий