Москвада кыргызстандыктар ишкерди сабап 3 миллион рубль талап кылышкан

22 марта 2019 15:43 2555 Barometr
Поделиться в:
ok

Москванын соту кыргызстандыктар Казбек Белалов жана Бислан Билаловго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Аfanasy.biz. сайты кабарлады.

2016-жылы 13-майда Белалов жана Билаловдор тааныш ишкерди чакырышкан. Ал келгенден кийин уруп-сабап 3 миллион рубль берүүнү талап кылышкан.

Ишкер анча акчаны таап бере албасына көзү жеткенден кийин “карызга акча алып бер” деп кыйнашкан.

Андан кийин Тверск областына алып келишип бир сутка кармап жатышып эртеси кое беришкен. Бир айдай телефон чалып  коркутуп акча сурашкан.  

Сот Белаловду 9 жылга, Билаловду 7 жылга эркинен ажыратты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyktar-ishkerdi-sabap-3-million-rubl-talap-kylyshkan



Добавить комментарий