Москвада кыргызстандыктар футболдон кийин чатакташканы белгилүү болду

17 августа 2021 13:43 952 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвадагы Кыргызстандын элчилиги «Царицыно» районунда 30 кыргызстандыктын кармалышы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.

Элчиликтен маалымдашкандай, полиция бөлүмүнө Кыргызстандын 6 жараны жеткирилген.Консулдук бөлүмдун кызматкерлери Ички иштер министрлигинин «Царицыно» бөлүмүнө эки ирет барышып, укуктук кеп-кеңештерин беришкен.

Эки кыргызстандыкка 500 рубль айып пул салынгандан кийин бошотулду. Төрт жаран 15 суткага камалды.

Чырдык чыгышына Борбор Азиядан барган жаштар футбол ойноп, андан соң кайым айтыша кетишкени сабеп болгон. Жергиликтүү жашоочулар полиция чакыртышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyktar-futboldon-kijin-chataktashkany-belgil-boldu



Добавить комментарий