Москвада кыргызстандык жаран тонолду

31 января 2019 09:45 1553 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Москва шаарында полициябыз деп өзүн тааныштырган эки жаран кыргызстандыкты тоноп кетишти.

Учурда Москванын түндүк-батыш тарабындагы тартип коргоо органдары кыргызстандыктын тонолушу боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Орусиялык ЖМКларда айтылгандай, 25-январда Фомичева көчөсүндөгү Планерная метро станциясына жакын жерде 25 жаштагы кыргызстандыкка белгисиз эки адам келет. Алар полициябыз деп өзүн тааныштырышып, кыргызстандыкты Mercedes унаасына салып алып кетишет.

Путилково аймагына алып барышып ал жерден 35 миң рубль акчасын тоноп кетишет. Мекендешибиз курьердик кызматта эмгектенип жүргөн.

Москванын күч органдары унаанын кимге таандык экенин аныкташкан. Учурда издөө иштерин улантып жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyk-zharan-tonoldu



Добавить комментарий