Москвада кыргызстандык таксист түркүктү сүзүп, эки адам каза тапты
Поделиться в:
Москвада Кыргызстанда туулган таксист рулду башкара албай калып жарык берүүчү линиянын түркүгүн сүзгөн. Бул тууралуу REGNUM маалымат агенттиги Москва өкмөтүнүн Жол кыймылыны уюштуруу борборуна шилтеме кылуу менен кабарлады.
Жол кырсыгы 8-мартта саат 7:40та катталган. Такси айдоочу рулду башкара албай калып түркүктү сүзгөн кезде унаадагы эки жүргүнчү каза тапкан. Айдоочу өзү катуу жабыркады.
Учурда бул факты боюнча тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyk-taksist-trkkt-szp-eki-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×