Москвада кыргыз жасалма паспортун колдонуп жүргөн жаран кармалды

12 ноября 2018 15:30 1093 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Москвада кыргыз жасалма паспортун колдонуп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай,  ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Москва шаары боюнча бөлүмүнүн аймактык бөлүмү менен биргеликте 2018-жылдын октябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын жасалма паспортун колдонуп жүргөн фактыны аныкташкан. Коңшу республиканын Б.А. аттуу жараны сыйлык үчүн жасалма документ жасатуу максатында такталбаган жактар менен сүйлөшүп алып,  өзүнүн атына паспорт алып, Россия Федерациясынын аймагында колдонуп жүргөн. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар ИИМдин  аймактык бөлүмүндө кылмыштар боюнча маалыматтарды каттоо китебинде катталган. Эксперттик борбор берген тактамага ылайык паспорт атайын технологиянын жардамы менен жасалгандыгы жана Б.А. аттуу жарандын иш-аракетинде кылмыштын белгилери бар экендиги байкалган.

Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмү (жасалма документтерди колдонуу) менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалма паспортун даярдоого тиешеси барлардын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүрүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyz-zhasalma-pasportun-koldonup-zhrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий