Москвада кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

30 января 2019 13:10 13533 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Россиянын Москва шаарында 23 жаштагы кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. 

Айтылган маалыматта, каза болгон мигрант 23-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

"23 жаштагы Тимур аттуу кыргыз жараны 23-январда жумушка кеткен боюнча келген эмес. Жакындары 4 күн өткөндөн кийин, 28-январда Москва шаарындагы өлүкканалардын биринен жансыз денесин табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мигрант коомдук транспортто кетип баратып, жүрөк оорусу кармап каза болгон. Учурда анын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти элчиликтен.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyz-zharanynyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий