Москвада өрттөнгөн курулуш вагондо эки наристе кыргыз кыз болгон
Россиянын Москва шаарындагы өрттөн кыргызстандыктардын балдары жабыркады. Өрт 6-февралда кечинде шаардын Родникова көчөсүнөн чыкканын «Москва» агенттиги күч органдарындагы булакка шилтеме берип жазып чыкты.
Өрт "Солнцево" электрдик ишканасындагы курулуш вагондо чыккан. Балдарды курулушчулар куткарып калышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча жети айлык наристе кыздын бети, колун күйүк алган, ал эми анын үч жаштагы эжекеси да беттеринен күйүк алган.
Жабыркагандар хирургиялык жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Өрттүн чыгышы электр жабдыктарын этият пайдаланылбагандыктан келип чыккан деп болжолонууда. Жабыркагандардын ата-энелери Москванын 3-Михайлов өтмөгүндө жашаган Кыргызстандын жарандары экени аныкталган.
Тергөөчүлөр кырсыктын чоо-жайын териштирүүдө. Балдар кантип курулуш вагондо болуп калганын адистер аныктап жатышат
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyz-zharandary-rttn-zhabyrkady
Добавить комментарий ×