Москвада курулуш иштерине 20 миңге жакын жумушчу жетишсиз болуп жатканы айтылды

3 марта 2021 15:10 5673 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада курулуш иштерине 20 миңге жакын жумушчу жетишсиз болуп жатат. Мындай маалыматты Москва курулуш башкармасынын башчысы Рафик Загрутдинов айтты. Бул тууралуу Загрутдиновдун ТАСС агенттигине берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Бүгүнкү күндө курулуш тармагында болжол менен 45-47 миң адам иштейт. Бирок, дагы да болсо бизге 20 миңге жакын куруучу жетишпей жатат. Эмгек ресурстарынын жетишсиздиги маселеси дагы деле бар, биз аны чечип жатабыз», - деди Загрутдинов.

Буга чейин, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин коронавирус пандемиясы акырындап азайып баратканын айткан. Анын айтымында, пандемияга байланыштуу чек аралар жабык болгондуктан, курулуш объектилеринде миңдеген жумушчулардын жетишсиздиги пайда болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kurulush-ishterine-20-mige-zhakyn-zhumushchu-zhetishsiz-bolup-zhatkany-ajtyldy



Добавить комментарий