Москвада курьер болуп иштеген 19 жаштагы Кыргызстандын жаранын өлтүрүп кетишти
Москванын түштүк-батышында Delivery Club жеткирүү кызматында курьер болуп иштеген кыргыз жараны бычактан жаракат алып каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, кандуу окуя Москванын Ясенево аймагында болгон.
"Delivery Club жеткирүү кызматынын курьери Ясеневодо белгисиз адам тарабынан бычакталып, алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган. Бычак анын жүрөгүнө тийген”, - деп айтылат билдирүүдө.
Кылмышкер окуя болгон жерден изин жашырып кеткен, учурда аны издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Маалым болгондой, каза болгон адам 19 жаштагы Кыргызстандын жараны болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kurer-bolup-ishtegen-19-zhashtagy-kyrgyzstandyn-zharanyn-ltrp-ketishti
Добавить комментарий ×