Москвада футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен Кыргызстандык таксист Чыңгыз акталды
Москвада чемпионат учурунда футбол фанаттарын сүзүп алган Кыргызстандык таксист жигит Чыңгыз Анарбек уулу акталып, мекенине келет.
Чыңгыз Анарбек уулу 2018-жылдын 16-августунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алгандыгы үчүн Россия Федерациясынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Мунун негизинде таксист 1 жыл 6 айга кара жумушка кесилип, 3 жылга авто унаа айдоо укугунан ажыратылган.
Кайра-кайра өткөрүлгөн соттук териштирүүлөрдөн кийин үстүбүздөгу жылдын 8-февралында Смоленск облусунун соту Чыңгыз Анарбек уулун мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алган.
Чыңгыз өз сөзүндө мекендештерине ыраазычылыгын билдирди.
Добавить комментарий ×