Москвада фанаттарды коюп кеткен кыргызстандык: Мени өлтүрүп коебу деп корктум

18 июня 2018 08:00 3583 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 16 июнда, Москвада болгон окуя – абдан өкүнүчтүү  жана аянычтуу окуя болду. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министирлигинин пресс-катчысы Айымкан Кулукеева социалдык баракчасында жазып чыгарды.

Анын айтымында, өкүнүчтүүсү- Россияда дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өтүп жатканда өлкөсүнө келген коноктордун жабыркашы өтө өкүнүчтүү окуя, ошондой эле ошол окуянын күнөкөрү биздин жараныбыз экендиги биз  үчүн  өкүнүчтүү. 

"Дагы кудай сактап, адамдардын аман калганы бардыгыбыз үчүн олжо  болду. Аянычтуусу- үй-бүлөсүн багам деп барган бечара, 3 сутка эс албай, 20 сааттан ашык уктабай тынымсыз иштеп жүрүп бул кырсыкка кабылып отурат. Окуя болгонуна өзү ишенбей, «эмнеге качтың? – деген суроого, «мени өлтүрүп коебу деп корктум» дегени жүрөктү оорутат. Албетте, жол кырсыгы болгону (ДТП) факт, ал жоопкерчиликти тартууга туура келет, бирок жараныбызга тагылган күнөөнүн объективдүү болушуна  КР ТИМи жана элчилик  болгон аракеттерин көрүшөт.  Кечээ окуя болгондон бери, Москвадагы элчилгибиздин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, кармалган жарабыныбыз менен жолугушууга аракеттерди көрүп жатышат. Кармалган жараныбызга сөзсүз түрдө укуктук-консультациялык жардамдар көрсөтүлөт", - деп белгиледи Кулукеева.

 Бул ишти ТИМ көзөмөлгө алып турат.




Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-fanattardy-koyup-ketken-kyrgyzstandyk-meni-ltrp-koebu-dep-korktum



Добавить комментарий