Кыргызстандык Сыймыкбек Алмазбек уулу метрого кулап түшкөн орус улутундагы жаранды куткарып калды

11 марта 2021 11:51 2953 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада эмгектенип жүргөн мекендешибиз Сыймыкбек Алмазбек уулу метронун рельсине кулап түшкөн, орус улутундагы жаранды куткарып калды. Бул маалыматты “Барометрге” Сыймыкбек Алмазбек уулунун жакын санаалашы, жаш режиссер Кенжебек Шайлообаев тастыктады.

Анын айтымында окуя, 9-март күнү Москва шаарындагы "Текстильщики" метросунда болгон.

“Сыймык капыстан эле, метронун рельсине кулап түшкөн орус улутундагы мас адамды өзүнүн жанын тобокелге салып алып чыккан. Албетте, жалгыз эмес, жанында турган чечен улутундагы жигит да жардам бериптир. Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып, башканын жанын сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Ал жерде канчалаган орус улутундагы жигиттер туруп жардамга кол суна алган эмес. Бул жигит өтө жөнөкөй, кичипейил, куранды жатка билген жигит. Бар бол, Сыймыкбек Алмазбек Уулу. Биз сени менен сыймыктанабыз”, - деди Кенжебек Шайлообаев.

21 жаштагы Сыймыкбек Алмазбек уулу Москва шаарында көп жылдан бери сантехник болуп эмгектенет. Орусиянын жарандыгын алган. Өзү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кызыл-Аскер айылында 1999-жылы туулган. 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-emgektenip-zhrgn-syjmykbek-almazbek-uulu-metrogo-kulap-tshkn-orus-ulutundagy-zharandy-kutkaryp-kaldy



Добавить комментарий