Москвада авиакырсык болуп 78 жүргүнчүнүн 41и каза тапты. Каза болгондордун жакындары үчүн байланыш телефону ачылды

6 мая 2019 09:19 14528 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Москвада аэропортко шашылыш конуп жаткан учак өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва-Мурманск каттамын ишке ашыруу үчүн Шереметово аэропортунан учкан “Аэрофлот” фирмасына таандык SSJ-100 үлгүсүндөгү учак абага  көтөрүлгөндөн көп өтпөй кайра конуу үчүн шашылыш артка кайткан.

Учак тилкеге конгон убакта арка тарабы өрттөнө баштаган, жүргүнчүлөр жол тилкесинин ортосунда турган учактан чыгарылды.

Ага карабай кырсыктын кесепетинен жүргүнчүлөрдөн 41 киши каза тапты. Жалпысынан учакта 73 жүргүнчү жана 5 кишилик экипаж болгон.

Кырсыктын келип чыгуу себептери тууралуу иликтөө иштери башталды.

Россиянын ӨКМги жабыр тарткандардын жакындары тууралуу маалымат үчүн 8-800-775-17-17 номерин ишке киргизди.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-aviakyrsyk-bolup-78-zhrgnchnn-41i-kaza-tapty-kaza-bolgondordun-zhakyndary-chn-bajlanysh-telefonu-achyldy



Добавить комментарий