Москвада 24 жаштагы кыргызстандык жигит 8-кабаттан кулап кетип каза тапты

26 марта 2019 15:12 2019 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва шаарында 24 жаштагы кыргызстандык жигит Канат Мамытов каза тапты. Бул тууралуу Facebook социалдык баракчасынан Россиядагы кыргыз диаспорасынын активисти  Улан Кошматов жарыялады.   

“Кырсык каш менен кабактын ортосунда дегендей мекендешибиз 1995-жылы туулган Мамытов К.Сузак районун кулуну кечээ күнү кайтыш болуп, бүгүн сөөгүн жердештердин жардамы менен Москва-Ош авиа каттамы менен Мекенге сөөгүн узаттык. Ушундай оор акыбалда турганда, сөөктү узатууга жардам берген маркумдун ага ини достору айылдаштарына терең ыраазычылык билдиребиз. Арабыздан бир тууган маркум уулубуз жаш кетти.Терең кайгыруу менен Маркумдун жакындарына көңүл айтабыз, кайрат кылыңыздар.

Өз мекенинен алыста жүргөн мекендештер Алтын башынар Аман-эсен өз Мекенинерге барып жашаганга өз элинерде ак кызмат кылганга Жаратканым насип этсин”,-деп жазды Кошматов.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, жаш жигит иштеп жаткан учурда 8-кабаттын балконунан кулап кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-24-zhashtagy-kyrgyzstandyk-zhigit-8-kabattan-kulap-ketip-kaza-tapty



Добавить комментарий