Монголиянын президенти: "Парламент таркабаса ачкачылык жарыялайм"

31 октября 2018 11:00 1260 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга эгерде парламент өзү тарабаса ачкачылык жарыялаганга даяр экенин жергиликтүү телеканалдардын биринде болуп жаткан түз эфирде билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Улуу мамлекеттик хуралдын (парламент) спикерине расмий кат жолдогон. Ал катта парламентти таркатуу боюнча суроону талкуулоого чакырып, 2016-жылы түзүлгөн парламентти жана өкмөттү сынга алган.

Халтмаагийн Баттулга түз эфирде берилген "Парламентти таркатуу боюнча сунуш бергенден кийин эмне кыласыз?" деген суроого "Ачкачылык же нааразычылык акциясы, бул биздин азыркы абалыбыз. Мен бардык кадамдарды кылып көрдүм, сунуштарды жөнөттүм" деген жообун кайтарган.

Президент парламентти шайлоо алдында берген убадаларын аткарбаганын жана мамлекеттик бийликти жүргүзүүдө мыйзамга ылайык иштебей жатканын айткан.


Ссылка: https://barometr.kg/mongoliyanyn-prezidenti-parlament-tarkabasa-achkachylyk-zharyyalajm



Добавить комментарий