Мамлекеттик резиденциядан экс-депутаттын сөөгү табылды

22 мая 2019 10:45 25597 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы монголиялык депутат,  Демократиялык партиянын төрагасынын мурдагы орун басары Гаваагийн Батхуунун сөөгү 17-майда Монголиянын мамлекеттик резиденциясынан табылды.
Маалыматтарга караганда Г.Батхуунун башынан жарат алган сөөгүн күзөтчү резиденциянын биринчи кабатынан кечки саат 7де көрүп, тез жардам жана полиция чакырган. Медиктер анын көз жумганын аныктаган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Гаваагийн Батхуу 1960-жылы Хужирт Шунхлай тоосуна жакынкы аймакта төрөлгөн. Ата-энеси студент болгондуктан бир айлык уулун чоң аталары багып өстүргөн.

Г.Батхүү орто мектепти алтын медал менен аяктаган. Кийин “инженер- экономист” адистиги боюнча Харьков политехникалык институтун бүтүргөн.  

Монголиянын Транспорт министрлигинде жогорку кызматтарда эмгектенген.

Үч баланын атасы Батхуу төрт китеп жазган. Экс-депутат жылкыларды абдан жакшы көрүп, аларга арнап ыр чыгарган. Ал монголдордо көп ырдалган.

Ссылка: https://barometr.kg/mongoliyanyn-mamlekettik-rezidenciyasynan-eks-deputattyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий