Монголиялык кыздын 134 сантимерлик буттары дүйнөнү таң калдырууда (Видео)
Монголиялык кыз өзүнүн 134 сантиметрлик буту менен дүйнөнү багындырууда. Бул тууралуу «Daily Mail” басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
29 жаштагы Рентсенхорлоо Рен Бад Монголияда төрөлгөн, учурда Чикагодо (АКШ) жашайт.
Маалыматка ылайык, ал дүйнөдөгү буту эң узун айымдардын катарына кирет.
“Боюнун узундугу 208 сантиметр, бутунун узундугу 134 сантиметр 11 мм. Анын үй-бүлөсү да бойлуу келет. Атасынын бою 208, апасыныкы 185 сантиметр”, - деп айтылат маалыматта.
“Менин буттарым өзүмө абдан жагат. Бийик такалуу шиш така жана кыска кийимдерди кийүү менен буттарымды көрсөткөндү жактырам. Буттарым мени башкалардан өзгөчө кылат”, - деп билдирди Рентсенхорлоо.
Кийим-кече алууда, өзгөчө 46-өлчөмдөгү бут кийим табуу жана өтмөктөндөн өтүү ал үчүн өтө ыңгайсыз экенин ал кошумчалады.
Узун буттарынын жардамы менен Рентсенхорлоо белгилүү бутка кийүүчү айымдар шымын чыгарган ишкана менен кызматташа баштады.
Ссылка: https://barometr.kg/mongoliyalyk-kyzdyn-134-santimerlik-buttary-djnn-ta-kaldyruuda-video
Добавить комментарий ×