Момбеков Коопсуз шаар долбоору боюнча: "Букаңар импотент, кунаажыныңар кысыр болуп калса эмне кыласыңар?"

29 ноября 2018 14:40 1966 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Коопсуз шаар" долбоору коопсуз эмес эле, өтө кооптуу долбоор. Себеби мындагы документтерде мафиялык мандем, коррупциялык тандем бар. Мындай сөздү депутат Рыскелди Момбеков бүгүнкү 29-ноябрдагы Жогорку Кеңештеги жыйында айтты. 

"Бул долбоордун эмнеге ишке ашпай жаткандыгын, кайсы вице-министр кимден эмне сураганын генерал Зарылбек Рысалиевден сурагыла, айтып берет. Кыргыз телекомдун мурунку башчысы Нурдин Мадаминовдон сурагыла. Ишке аша элек долбоордун кирешесин бөлүштүрүп коюшуптур.Башкача сөз менен айтканда букадан качкан кунаажындын музоосун алып, сүтүн сатып жибердик. А кунаажын кысыр болуп калса эмне кыласыңар? Букаңар импотент болуп калса эмне кыласынар?"-деди депутат. 

Белгилей кетсек, "Копсуз шаар" долбоору боюнча биринчи вице-премьер-министрдин маалыматына таянсак, долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы.

Эске салсак, бул долбоорду башташ учүн өкмөт Орусиялык Вега компаниясы менен келишим түзүшкөн. Долбоордогу келишимге ылайык, орусиялык компания үч айлык мөөнөт ичинде аппараттык-программалык комплекстерин орнотушу зарыл. "Вега" келишимде көрсөтүлгөн сумманын 10 пайызын, тагыраагы 3 млн. сомдон ашык акча каражатын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин депозиттик эсебине которгон.

Өкмөт жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом караган.

Ссылка: https://barometr.kg/mombekov-koopsuz-shaar-dolbooru-boyuncha-bukaar-impotent-kunaazhynyar-kysyr-bolup-kalsa-emne-kylasyar



Добавить комментарий