Видео. Момбеков: "Бюджет - Кыргыздын "бүт жейт" деген эле сөзү
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 29-октябрдагы жыйынында мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча маселеге көңүл бурду.
Алгач каржы министри Бактыгүл Жээнбаевадан 2018-жылдын бюджети канча суммада таңсыктык менен кабыл алынганын сурады. Жээнбаева былтыркы бюджет жалпы 12 миллиард сомдун тегерегинде таңсыктык менен кабыл алынып, 6 миллиард 433 миллион сомдук план аткарылбай калганын айтты. Ал эми 2019-жылдын бюджеттин таңсыктыгы жана анын канча пайызы аткарылганы боюнча так маалымат бере алган жок.
Мындан кийин дептутат Салык кызматы 2 миллиард 412 миллион, Бажы кызматы 4 миллиард сомдук план аткарбай жатканын тактады.
“Экөөнү кошкондо эле 6 миллиард сомдук план аткарылбай калып жатат. Кийинки жылдыкын 9 миллиард сом таңсыктык менен алып келдик деп мактанып жатасыңар. Былтыркы менен кошкондо 15 миллиард болуп жатат. Элди албадай 15 миллиард эле деп айтпайсыңарбы. Ал эми көмүскө экономиканын көлөмү 20 пайыз деп айтып жатаканыңар жомок. Көмүскө экономика 50 пайыз”, - деди Момбеков.
Андан кийин эл өкүлү 70 пайыздан ашык курулушу бүтүп, узак убакыттан бери аягына чыкпай жаткан мектептер толугу менен бүткөрүү планы ишке ашпай калганын сындады. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилерине кайрылып:
“2019-жылдын бюджетин алып келген 70 пайыздан ашык курулушу бүтүп калган мектептер ушул жылы толугу менен бүткөрүлөт деп айткансыздар. Канчасы бүткөрүлдү?”, - деп сурады.
Агенттиктин өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, ошол учурда жалпы 78 обьект бар болсо, бүткөрүү үчүн 69у тизмеге кошулуп, учурда анын 51и бүттү. Бирок Момбеков өкмөт өкүлдөрү калп айтып жатканын белгиледи. Анын айтымында Талас облусундагы Кайнар, Көк-Дөбө айылдарындагы мектептер 2012-жылдан бери 80 пайыз курулушу бүтүп, бирок дагы да аягына чыкпай турат. Депутат ошондой эле башка обьектилерди да тизмектеп чыкты.
“Бюджет - Кыргыздын “бүт жейт” деген эле сөзү. Бүт баарыбыз ошол жактан оокат жейбиз, жегенде да кырмычыгын кырып жейбиз. Мектептер бүтүп эле жатат деп жатасыздар. Министрлердин, премьерлердин, төрагалардын айылындагы мектептер тездик менен бүткөрүлүп, депутаты жана министри жок айылдардын мектептери 7-8 жылда бүтүп жатпайбы. Ошону тегиз карагыла деп жатам”, - деди эл өкүлү.
Ошондой эле Кубатбек Бороновго кайрылып:
“Сиз Бажы кыжматы менен Салык кызматынын башчылары 6 айлык пландын киреше бөлүгүн толук аткарбаганы үчүн кызматтан алынды деп туура айттыңыз. Аткара албаган киши башкара - албаган киши да. Бирок Салык кызматында планды аткара албаганы үчүн жетекчилер кызматтан кетиши керек да. Алгач Свердлов, Октябрь районунда салык бөлүмүнүн башчысы болуп жүргөн Нурмат Шамбетов деген жигит башкармалыктын башчысы болуп турганда 1 миллиард сомдук планды аткарбай жатып, азыр Ленин районундагы салык бөлүмүнө жетекчи болду. Муну кандай түшүнсө болот? 2014-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев салыкты чогултууда планды аткарбаганы үчүн бул жигиттин жоопкерчилиги каралсын деген экен. Азыр дагы план аткарылбай калып башка районго кетип калды. Жетекчи кенден кийин булардын калып калганы туура эмес. Бюджетти таңсыктык менен алып келип жатасыңар, колдоп эле, коргоп эле жатабыз. Бирок биз байкушту колдогон эч ким жок болуп жатпайбы”, - деди Момбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/mombekov-byudzhet-kyrgyzdyn-bt-zhejt-degen-ele-sz
Добавить комментарий ×