Момбеков Абылгазиевге: Чапанын сүйрөгөн чалдарыңыз чарчадыбы айтор бүгүн балдарды алып келген экенсиз

17 октября 2018 13:20 3374 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда Жогорку Кеңеште тышкы иштер минисирлигине көрсөтүлүп жаткан Чынгыз Айдарбековдун талапкерлиги каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат ТИМде алты жыл отурган Эрлан Абдылдаев эмне себептен кызматтан кеткенине кызыкты.

“Жазында сиз жаңы өкмөттүн курамын алып келгенде жалаң эле чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтүн алып келдиңиз" деп чатак салдым эле чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же, чалдарыңыз чарчадыбы айтор, бүгүн балдарды алып келген экенсиз баракелде деп коёюн. Социалдык коргоо, маданият министрине да  Чыңгызга окшогон жаш балдарды алып келет деген ишеним чоң деди.

Муну менен катар эле “алты жыл иштеген Абдалдаев мырза эмне себептен кетти? Элчиликтеги коррупциянын себебинен кеттиби же башка нерсе себеп болдубу?” деген суроону премьер-министрге узатты.

 Абылгазиев “Абдалдаевдин кетишине биринчиден коомдогу ар кандай талкуу болуп жаткан маселелер да түрткү болду деп ойлойм.  Бирок ал коррупцияга малынды деп айта албайм. Себеп дегенде азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы чыгып өзүлөрү айтат болуш керек. Экинчиден моралдык жагын карады. Дипломат, мамлекеттик кызматкер катары элчинин айткан сөздөрү ошондой эле өзү иштеп жаткан министрликте ушундай ушак айыңдар болуп жатса, мындан улам мамлекеттик тартипти сактаган кызматкер катары кетти деп ойлойм” деди  өкмөт башчы.

Ссылка: https://barometr.kg/mombekov-abylgazievge-chapanyn-sjrgn-chaldaryyz-charchadyby-ajtor-bgn-baldardy-alyp-kelgen-ekensiz



Добавить комментарий