Молочница же оозул оорусу адамды эмнеге алып келет. Бул оору өтө кооптуу

27 май 2019 22:12 27373 9 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айымдардын молочница оорусу бул кыргыз тилинде оозул, быштакча дегенди билдирет. Кичинекей балдар да бул оору менен көп жабыркашат. Балдардын жаңы төрөлгөндөн баштап эле оозул оорусу ооздорунун ички жактарында пайда боло баштайт. Бул оорунун белгилери быштак сымал болуп же өтушүп кетсе ооздун ичи оюла баштайт. Бала эмчек эме албай, денесинин табы көтөрүлөт. Бул оору байкалаары менен дарыгерге көрсөтүңүз. Өз алдынча дарылоого да болбойт.

Статистикалык маалыматтар боюнча 18-35 жаштагы айымдардын 75-80 пайызы молочница оорусуна чалдыгып, ал эми алардын 20 пайызы гана дарыгерге кайрылышат. Айымдар үчүн молочница жагымсыз жана олуттуу көйгөй жараткандыктан бул оору тууралуу кеңири маалыматка ээ болуусу маанилүү. Молочницанын белгилери бөлүнүп чыккан суюктуктун өңүнө көңүл буруу зарыл. Молочницада быштак сыяктуу болуп калат. Айрыкча түндөсү уйку бербей ыңгайсыз абал жаратат. Себептери: - Кош бойлуулук - Антибиотиктерди курамында грибокко каршы каражаты жок кабыл алуу - Суук тийүү - Гиповитаминоз - Аз кандуулук Түйүлдүккө кандай таасир тийгизет? Молочницада грибоктук каражат болгондуктан жатындын моюнчаларына доо кетирет. Мындан улам эрозия шейки матки деген оорулар пайда болот. Жатынга кирген молочница түйүлдүккө жетип, боюнан түшүрүүгө жеткирет, маалына жетпей төрөлүүгө себеп болот жана төрөт учурунда жатынды жабыркатууга алып келет. Эң эле олуттуусу ымыркай инфекцияга кабылуу менен төрөлөт. Эмне үчүн молочница улам кайталанып келе берет? Эң эле негизгиси буга чейинки ооруган учурда өз учурунда тиешелүу дарыланбагандыктан улам болот. Ошондой эле иммунитет төмөндөгөндөн да себеп боло алат. Же болбосо, жолдошунан жугат. Эркектерде пайда болгон молочница анча беле байкалбайт. Андыктан түгөйлөрдүн кимиси молочницага кабылбасын экөө тең бирдей дарыланып жана алдын алуулары керек. Эч качан өз алдынча дарыланууга болбойт. Өнөкөт кандидоз өчүп кетиши толук ыктымал. Ушундай оорулардын деңгээлине жеткизбей ар бир өзүнүн ден-соолугуна кам көрүп, жыл сайын гинекологго көрүнүп туруусу шарт

Ссылка: https://barometr.kg/molochnica-zhe-oozul-oorusu-adamdy-emnege-alyp-kelet-bul-ooru-t-kooptuu



Добавить комментарий

  • Нургуль 5 лет назад
    Жакшы жазылган экен менин 2жаштагы балам малочнитсадан улам оозул пайда болуп эч Бир медиктер тарабынан айыкпай койду,жон гана уйгак чобунун гулун куйгузуп сыйпап айыгып кеттик
  • Мен азыр кош бойлумун кычышып быштак сыя ктуу ак нерселер чыгып жатат эмне кылуу керек??
  • Оозул болуп атам, өтүшүп кетти,дарылоонун жообун айтым коёсуздарбы?
  • Саламатсызбы жаны торолгонго малочница болуп атат не кылсам болот
  • Мен бир ай мурун балницага барып корунгонмун баары таза болгон 17кун мурун куйоом кыргыстандан келди ал жакта 9айдан болду стройка менен алек болуп эми бир аптадан бери женский жакгым кытышып жатат бугун уже жыт пайда боло баштаптыр эмне кылсам болот?
    • Нистатиновый мазь жакшы
      • Мен оозум ушул суротогудай болуп ооруп кыйналып жатам кантип дарыласам болот мигрант болуп иштеп журом билгендер болсо айтып коёсуздарбы