Молдобекова: “Мени бала сатууга байланыштыргандарды табуу үчүн укук коргоо органдарына расмий кайрылдым”

24 сентября 2018 21:08 4939 Barometr
Поделиться в:
ok

“Мени бала сатууга байланыштыргандарды табуу үчүн укук коргоо органдарына расмий кайрылдым”, - деди  Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова. Эл өкүлү бала сатуу үчүн кармалаган дарыгер, медайымдардын башында турат деген маалыматтар буга чейин социалдык тармактарда желдей тараган.

“Бала сатууга менин тиешем жок. Эки күндөн бери ушул маалыматтарды окуп абдан жаман абалда жүрөм. Акылга сыйбаган ушундай жалган сөздөрдү чыгаруунун артында ким жана кандай максат турганын билбей жатабыз. Бүгүн укук коргоо органдарына да расмий кайрылдым. Мен жоопкерчиликтен качпайм, күнөөм болсо керт башым менен жооп берүүгө даярмын” – деди депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте бала жана адам органдарын саткан дарыгерлердин тобу кармалганы кабарланган. Өткөн жуманын аягында бул уюшкан кылмыштуу топтун башында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова турат деген маалыматтар соц. тармактарга тараган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/moldobekova-meni-bala-satuuga-bajlanyshtyrgandardy-tabuu-chn-ukuk-korgoo-organdaryna-rasmij-kajryldym



Добавить комментарий