Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды

10 июля 2019 21:54 2269 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-июлда саат 17:20да Көкөмерен дарыясынын эки чакырым ылдыйраак Арал суусунда аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Куткаруучулар Чүй областындагы өкмөт өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин жубайы- Тинатин Шадыканованын сөөгүн табышты. Издөө иштерине 102 куткаруучу тартылган.

 Эскерте кетсек, 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында  Көкөмерен суусуна «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү жолтандабас унаа түшүп кеткен.  Унаада 5 адам (3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) болгон.  Буга чейин үч адамдын сөөгү табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/moldakun-abdyldaevdin-ayalynyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий